Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушуп, жол кирени накталай эмес төлөө системасына толук өтүү боюнча аткарылып жаткан иштерди талкуулады.

Мэрдин айтымында, жаңы төлөм системасы коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртып, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

"Ушул жылдын апрель айынан тартып айдоочулардын эмгек акысы 33%га жогорулатылды. Эми негизги максат — жаңы окуу жылы башталганга чейин накталай эмес төлөм системасын толук ишке киргизүү. Кечээ эле 720 миңден ашуун жүргүнчү жол киресин накталай эмес ыкма менен төлөдү", — деди Айбек Жунушалиев.

Ошондой эле ал бардык түшкөн каражаттар коомдук транспортту жаңылоого, айдоочулардын эмгек акысын жогорулатууга, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана тармактагы башка маселелерди чечүүгө багытталарын белгиледи.

Мэр айдоочуларды жүргүнчүлөргө жаңы төлөм тартибин сылык түшүндүрүүгө, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Жүргүнчүлөргө маалымат берүү максатында мэриянын кызматкерлери да коомдук транспорт каттамдарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алар шаар тургундарына жол кирени төлөөнүн жаңы тартиби боюнча кеңеш берип, электрондук төлөм ыкмаларын колдонууга жардам көрсөтүшөт.

Эске салсак, 1-июлдан тартып жүргүнчүлөр жол киресин "Тулпар" транспорттук картасы, Visa, Mastercard, "Элкарт" банктык карталары, QR-коддор жана башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат. Бир жолку электрондук билетти пайдаланган жүргүнчүлөр үчүн QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү да каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media