Терек – Чаты – Терек жолунда бир тараптуу каттам ачылды

Терек – Чаты – Терек жолунда бир тараптуу каттам ачылды

3-июлда Терек – Чаты – Терек автожолунун 5-чакырымга чейинки аралыгында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, бир тараптуу каттам ачылды. Азыркы тапта тазалоо иштери уланууда. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолунун 106–110-чакырымдарында сел түшкөн тилкелерде жолду кеңейтүү жана тазалоо иштери уланып жатат.

Жолдорду тазалоо иштери №26 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2-июлда саат 16:30 чамасында Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 106–110-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. 
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында аталган тилкеде бир тараптуу каттам калыбына келтирилген.

Ошондой эле Терек – Чаты – Терек унаа жолунун 5-чакырымга чейинки тилкесинде да сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө