Бишкек – Нарын – Бишкек авиакаттамынын баасы сентябрдан тарта кымбаттайт

Бишкек – Нарын – Бишкек авиакаттамынын баасы сентябрдан тарта кымбаттайт

“Кыргызстан аэропорттору” ишканасы Asman Airlines авиакомпаниясынын Бишкек – Нарын –Бишкек багыты боюнча акциясынын мөөнөтү 2026-жылдын 31-августуна чейин узартылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, акция 31-июлда аяктамак. Бирок жүргүнчүлөрдүн жогорку суроо-талабына байланыштуу аны дагы бир айга узартуу чечими кабыл алынган.

Акциянын алкагында Бишкек – Нарын багыты боюнча авиабилеттин бир тарапка болгон баасы 2 100 сомдун ордуна 1 000 сомду түзөт.
Мындан тышкары, Казарман -Бишкек каттамындагы акциялык тариф да күчүндө калууда. Ал 2026-жылдын 26-сентябрына чейин уланат. Бул багыт боюнча бир тарапка билеттин баасы 3 100 сомдун ордуна 2 100 сомду түзөт.

Компания белгилегендей, акциянын мөөнөтүн узартуу аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ички туризмди өнүктүрүүгө жана калк үчүн жеткиликтүү авиакаттамдардын санын көбөйтүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда