Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана кароосуз калган унааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча рейддер башталат.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлүп, көчө-жол тармагындагы тартипти жакшыртууга багытталат.

Рейддердин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, коомдук транспорт менен ыкчам кызматтардын тоскоолдуксуз жүрүшүнө шарт түзүүгө, мыйзамсыз унаа токтотууларды жоюуга жана жөө адамдар үчүн тротуарларды бошотууга өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле көчө-жол тармагын пайдаланууга тоскоолдук жараткан, узак убакыттан бери колдонулбай турган же кароосуз калган транспорт каражаттары аныкталып, эвакуацияланат.

Мындан тышкары, коомдук транспорттун аялдамаларына, жөө адамдар өтүүчү тилкелерге, кесилиштерге жана башка транспорттук инфраструктура объектилерине тоскоолдук жараткан унаалар да өзгөчө көзөмөлгө алынат.

Мэрия унаа ээлерин жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, унааларды токтотууга тыюу салынган жерлерге калтырбоого жана узак убакыттан бери пайдаланылбай турган транспорт каражаттарын өз ыктыяры менен алып кетүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыбек Молдобаев Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына караштуу "Маловодное" жана "Сосновка" транспорттук көзөмөл пункттарына жумушчу сапар менен барды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жайкы ысык мезгилде автомобиль жолдорун сактоо максатында оор жүк

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда Түркиянын ишкерлер делегациясы, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, мөмө-жемиш продукциясынын экспортун көбөйтүү, логистиканы жакшыртуу жана агроөнөр жай тармагындагы

Мэр мыйзам бузган аялдама комплексинин ишин токтотууну тапшырды

Мэр мыйзам бузган аялдама комплексинин ишин токтотууну тапшырды

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, шаардагы бир катар объектилерди кыдыруудан кийин калаа башчысы коомдук транспорттун аялдама комплекстеринин бирине күтүүсүз текшерүү жүргүзгөн. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аялдаманын жүргүнчүлөрдү күндүн ысыгынан жана жаан-чачындан коргоо үчүн каралган бөлүгү толугу менен коммерциялык максатта пайдаланылып жатканы аныкталган. Мындан улам жүргүнчүлөр коомдук транспортту күтүүгө ылайыктуу

Өлкө башчылары Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананы ачышты

Өлкө башчылары Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананы ачышты

Күн мурун президент Садыр Жапаров Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары менен бирге Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Baku Resort & Spa беш жылдыздуу мейманканасынын расмий ачылыш аземине катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчылары мейманкананын негизги инфраструктуралык объектилерин көрүп чыгып, жайгаштыруу шарттары, функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана ишкердик, маданий, ден