Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү
Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыбек Молдобаев Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына караштуу "Маловодное" жана "Сосновка" транспорттук көзөмөл пункттарына жумушчу сапар менен барды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жайкы ысык мезгилде автомобиль жолдорун сактоо максатында оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген кыймыл чектөөлөрүнүн жана жылуулук режиминин сакталышына көңүл бурулду.
Ошондой эле көзөмөл пункттарындагы транспорт каражаттарын каттоо жана текшерүү тартиби, кызматкерлердин күнүмдүк ишмердүүлүгү жана эмгек шарттары каралды.
Мындан тышкары, "Кулунду" автобекетинде жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты, маршруттук каттамдардын уюштурулушу жана үзгүлтүксүз жүрүшү текшерилди.
Сапардын алкагында кызматкерлер арасында коррупцияга каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузууларга жол бербөө, коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу жана айдоочуларга ачык-айкын кызмат көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.