Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу текшерилди

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы – Бөкөнбаев –Каракол автомобиль жолун оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, курулуш иштеринин сапатын жана аткарылып жаткан жумуштардын графигин текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө министр жооптуу жетекчилер жана подрядчы компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, долбоорду белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен бүтүрүү, курулуш иштеринин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу жана бардык техникалык талаптарды так сактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Министр белгилегендей, долбоор Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен ишке ашырылууда.

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автомобиль жолунун жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт. Долбоор толук аяктагандан кийин II категориядагы төрт тилкелүү, ортосу барьердик тосмо менен бөлүнгөн заманбап автомобиль жолу пайдаланууга берилет. Бул жолдун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен катар Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ички туризмди колдоого олуттуу салым кошот.

Ошондой эле министр жооптуу жетекчилерге курулуш иштерине туруктуу көзөмөл жүргүзүү, подрядчы уюмдар тарабынан бардык жумуштардын белгиленген мөөнөттө жана талаптагыдай сапатта аткарылышын камсыз кылуу боюнча милдеттерди койду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөөнү улантып, стратегиялык маанидеги инфраструктуралык долбоорлордун өз убагында жана сапаттуу ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча иштерди улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол