Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн 5 миллиондон 8 миллион долларга чейин каражат талап кылышкан.

Жыйынтыгында темир жол ишкананын өз каражатынын эсебинен салынып, бир чакырымынын баасы 955 миң долларды түзгөн.

Сакиев белгилегендей, жаңы темир жол аркылуу мунай зат, эл керектөөчү товарлар жана башка жүктөр ташылат. Бул автожолдордогу жүктү азайтып, логистикалык чыгымдарды кыскартууга жана жүк ташуунун коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, бул каттамда жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы да ишке киргизилери айтылды.

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда