Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда
Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди.
Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир жол аркылуу ташууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу да пландалууда.
Сакиев бул үчүн техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыгы керектигин белгиледи.