Бишкектеги 7-апрель жана Полевая көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкектеги 7-апрель жана Полевая көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 2-августтан тартып эстакадалык көпүрө куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу курулуш-монтаж иштеринин биринчи этабынын алкагында 7-Апрель көчөсү менен Полевая көчөсүнүн кесилиши автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чектөө жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо, ошонлой эле курулуш-монтаж иштерин үзгүлтүксүз жана сапаттуу жүргүзүү максатында киргизилүүдө. Жол жабылган мезгилде транспорт каражаттары альтернативдүү каттамдар аркылуу өткөрүлөт.Айланып өтүү жолдору алдын ала белгиленип, убактылуу жол белгилери орнотулат.

Бишкек шаардык мэриясы айдоочулардан жана коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнөн каттамдарын алдын ала пландап, жол кыймылынын уюштурулушундагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууну жана мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду пайдаланууну өтүнөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

DemirBankтан 100 000 сомго чейинки кэшбек менен ипотека

РФнын 8 аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө чектөө киргизүү пландалууда

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылган жаран 10 миң сом айыпка жыгылды

Бишкек шаарынын тургундары мэрия өкүлдөрү менен жолугушту

Чүйдөгү абакта электр прожекторлорун өндүрүүчү жаңы цех ишке кирди