Бишкектеги Ауэзов көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкектеги Ауэзов көчөсү пайдаланууга берилди

1-августтан тартып Ауэзов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү комплекстүү оңдоп-түзөөдөн кийин унаалардын кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жолдун коопсуздугун, ыңгайлуулугун жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган курулуш жана калыбына келтирүү иштеринин толук комплекси аткарылды.

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө жаңы асфальт-бетон жабуусу төшөлүп, тротуарлар курулду жана оңдолду, инженердик коммуникациялар жаңыланып, жаан-чачын сууларын агызуу системасы курулду. Ошондой эле көчөнүн айланасы көрктөндүрүлүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда