Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жеринде текшерилди

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жеринде текшерилди

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун кыргыз тилкесинде жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрлер тоннелдердин, көпүрөлөрдүн жана башка инженердик курулмалардын курулушун көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштерге баа беришти. Ошондой эле долбоордун учурдагы абалы, алдыдагы этаптары жана аны белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар курулушка тартылган адистер жана жооптуу кызматкерлер менен жолугушуп, курулуштун сапаты, иштин жүрүшү жана алдыдагы пландар боюнча пикир алышты.

Учурда "Кытай – Кыргызстан –Өзбекстан" темир жолунун кыргыз тилкесинде кеңири масштабдагы курулуш иштери жүрүүдө. Долбоордун алкагында тоннелдер, көпүрөлөр жана башка инженердик инфраструктуралык объектилер курулуп жатат.

Аталган темир жол долбоору Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, логистикалык дараметин жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн эл аралык транспорттук коридордогу стратегиялык ролун чыңдоого багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда