Бишкек – Балыкчы поезд каттамынын убактысы кыскарат

Бишкек – Балыкчы поезд каттамынын убактысы кыскарат

“Кыргыз темир жолу” Бишкек – Балыкчы багытындагы поезд каттамын мындан ары өнүктүрүп, жол жүрүү убактысын 3 саат 40 мүнөткө чейин кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ишкананын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.

Анын айтымында, инфраструктура жана кыймылдуу курам жаңылангандан кийин каттамдагы жол жүрүү убактысы беш сааттан төрт саатка чейин кыскарган. Учурда жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана каттамды жакшыртуу боюнча иштер уланууда.

Ошондой эле Балыкчы – Чолпон-Ата багытындагы жаңы темир жол линиясын куруу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат. Курулуш иштерин келерки жылы баштоо пландалууда.

Мындан тышкары, “Кыргыз темир жолу” Кочкор багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну өнүктүрүүнү көздөп жатат. Жаңы линиялардын курулушу Нарын облусунун тургундары үчүн Бишкекке темир жол аркылуу каттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга