Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады

Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунда жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады

Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун курулушу бекитилген графикке ылайык активдүү жүргүзүлүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, учурда жолдун 0–1,3-чакырым аралыгында экинчи багыттын негизги катмары (саббейс) төшөлүп, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Мындан тышкары, суу агызуучу арыктарды жана тротуарлардын бордюрларын орнотуу иштери уланууда.

Долбоордун алкагында 3+900 пикетинде жайгашкан жаңы көпүрөнүн курулушу толугу менен бүткөрүлдү.

Ошондой эле Күнтуу айылынан Токбай айылына чейин узундугу 7,5 чакырым болгон таза суу түтүкчөлөрү толугу менен тартылып, электр мамычалары менен чубалгылары жаңы жайларга көчүрүлдү. Бул тилкеде жол жана тротуарлардын бордюрлары, ошондой эле суу агызуучу арыктар толугу менен орнотулду. Ал эми 96+106 пикетинде негизги катмарды төшөө иштери уланууда.

Долбоор мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржыланып, аны "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасына караштуу №1 Жол куруу башкармалыгы ишке ашырууда.

Белгилей кетсек, Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Былтыр анын 6,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлгөн. Учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык улантылып жатат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media