Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте 5-августтан тартып айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим шаарда жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу долбоорун улантууга байланыштуу кабыл алынган.

Жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр төмөнкү даректерде курулат:

Анкара көчөсүндө, "Глобус" соода борборунун жанында;

Ауэзов көчөсүндө, Аламүдүн кичи районундагы №59/2 үйдүн алдында;

7-Апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде;

Байтик Баатыр көчөсүндө, курулуп жаткан мечиттин жанында;

Анкара көчөсүнүн дагы бир тилкесинде (долбоордук документацияга ылайык);

Нуркамал жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.

Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык этап-этабы менен жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу