Таластагы жаңы жолдун асфальты лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлдү

Таластагы жаңы жолдун асфальты лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору өлкө аймагында курулуп жаткан жолдордун сапатын көзөмөлдөө иштерин улантууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кезектеги көчмө текшерүүнүн алкагында Талас облусундагы Осмонкул унаа жолунун асфальт-бетон жабуусунан лабораториялык изилдөө үчүн керн үлгүлөрү алынды.

Министрликтин маалыматына ылайык, алынган үлгүлөр борбордун сыноо лабораториясына жөнөтүлүп, асфальт-бетондун физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү текшерилет. Ошондой эле анын курулуш ченемдерине, мамлекеттик стандарттарга жана техникалык регламенттерге шайкештиги бааланат.

Белгиленгендей, мындай текшерүүлөр жол инфраструктурасынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо, ошондой эле курулуш иштеринин талаптарга ылайык аткарылышын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүшү керек – Касымалиев

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүшү керек – Касымалиев

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Президенттин Администрациясынын кезектеги аппараттык жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунда өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу, ошондой эле UIM F1 H2O "Суудагы Формула-1" боюнча дүйнө чемпионаты жана аны менен катар уюштурулган

Бишкектеги "Алтын Ордо" конушунун 9 көчөсүнө жарык орнотулду

Бишкектеги "Алтын Ордо" конушунун 9 көчөсүнө жарык орнотулду

Ленин районундагы "Алтын Ордо" конушунун тогуз көчөсүндө тышкы жарыктандыруу системасын орнотуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бишкек шаарынын Ленин районундагы "Алтын Ордо" конушунда тогуз көчөгө заманбап тышкы жарыктандыруу орнотулду. Мэриянын маалыматына ылайык, "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы тарабынан Аян, Сары-Өзөн, Керемет,

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт. Президенттик админстрациянын маалыматына ылайык, жыйын тар жана кеңейтилген курамда өтөт. Күн тартибине ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары байкоочу өлкөлөрдүн катышуусунда 15тен ашуун маселени карашат. Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги максаты – мүчө

Токмок – Кемин жолунда 8 мыйзамсыз объект аныкталды

Токмок – Кемин жолунда 8 мыйзамсыз объект аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй аймактык башкармалыгынын Чүй райондук архитектура башкармалыгы тарабынан Токмок -Кемин унаа жолунун боюнда жайгашкан объекттерге инвентаризация жүргүзүлдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, инвентаризациянын жүрүшүндө жалпы 8 мыйзамсыз объект аныкталды. Алардын ичинен