Баетов – Макмал унаа жолундагы селдин кесепети жоюлду

Баетов – Макмал унаа жолундагы селдин кесепети жоюлду

5-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Баетов–Макмал унаа жолунун 36-чакырымында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, тоо капталынан куюлуп түшкөн шагыл жолду жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Окуя болгон жерге Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №15 Жол-эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери атайын техникалар менен ыкчам тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Аткарылган иштердин натыйжасында алгач жолдун бир тарабы ачылып, унаалардын кыймылы убактылуу бир тилке аркылуу уюштурулду.

Учурда жол толугу менен тазаланып, эки багыттагы унаа кыймылы толук калыбына келтирилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда