Көчмө лаборатория жол курулушундагы сапатты ыкчам текшерет

Көчмө лаборатория жол курулушундагы сапатты ыкчам текшерет

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын сыноо лабораториясынын көчмө унаасы жол курулушунда колдонулуп жаткан материалдардын сапатын түздөн-түз курулуш тилкесинде ыкчам текшерүүгө мүмкүндүк берет.

Көчмө лабораториянын негизги артыкчылыгы – сыноолорду курулуш жүрүп жаткан жерде өткөрүп, жыйынтыгын кыска убакытта алуу мүмкүнчүлүгү.

Лабораториянын жардамы менен жолдун негизине төшөлүүчү кум-шагыл аралашмасынын сапаты, жол негизинин тыгыздыгы жана чаңдуулугу текшерилет. Ошондой эле таш майдалоочу ишканаларда өндүрүлгөн майдаланган таштын (щебендин) өлчөмү менен сапаты түздөн-түз өндүрүш аянтчасында аныкталат.

Мындай көзөмөл жол курулушунун бардык этаптарында материалдардын сапатын үзгүлтүксүз текшерүүгө жана мүмкүн болгон кемчиликтерди өз убагында аныктоого шарт түзөт.

Учурда өлкө аймагында жаңы курулуп жаткан жана оңдолуп жаткан автомобиль жолдорунда сапатты көзөмөлдөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жол курулушунун сапатын камсыздоо Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда