Жол курууда мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилген

Жол курууда мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилген

Башкы прокуратура тарабынан жол курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында ири өлчөмдөгү мыйзам бузуулар аныкталды.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, текшерүүдө №11 жана №4 жол эксплуатациялык ишканаларынын, ошондой эле "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары Ак-Суу районундагы Жыргалаң лыжа базасына баруучу жолду куруу жана Түп районундагы Каркыра – Турук – Сары-Жаз жолуна шагыл төшөө иштерине субподрядчы катары квалификациялык талаптарга жооп бербеген, окшош иштерди аткаруу тажрыйбасы жок жана жетиштүү финансылык, материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болбогон "Д.Т." ЖЧКсын тартканы аныкталган.

Ошондой эле жооптуу кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуу менен келишимдердин аткарылышын камсыз кылуучу кепилдиктер жана аткарылган иштердин иш жүзүндөгү көлөмүн тастыктаган документтер жок болсо да, аталган компаниянын эсебине бюджеттик каражаттарды которушканы белгилүү болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, "Д.Т." ЖЧКсы алынган каражаттарды жол куруу иштерине жумшабай, башка максаттарга пайдаланган. Мунун кесепетинен мамлекетке 171 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү") боюнча эки кылмыш иши козголду. Учурда бул иштер боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу жетекчилиги менен Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Ухань шаарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, делегация курамында Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жана "Кыргызфармация" ишканасынын өкүлдөрү бар. Иш сапар "Кыргызфармациянын" жаңы фармацевтикалык

Ишкер Media
Чүй облусунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Чүй облусунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, долбоор аталган министрлик тарабынан ишке ашырылды. Аянты 8 миң чарчы метрден ашкан мектептин курулушу 2026-жылдын февралында башталган. Азыр ичинде тазалоо жана эмерек орнотуу иштери жүрүүдө. Мектепте балдар үчүн

Ишкер Media
Бажы кызматы: Пара алуу, пара берүү, мыйзамсыз сыйлыктарды алууга жол берилбейт

Бажы кызматы: Пара алуу, пара берүү, мыйзамсыз сыйлыктарды алууга жол берилбейт

Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгынын кызматкери Ж. Баласагын атындагы КУУнин студенттерине “Ар кандай максаттуу топтордун арасында коррупцияга каршы тематика” - деген темада лекция өткөрдү. Иш-чара 2026-2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Бажы кызматынын маалыматына караганда, лекциянын жүрүшүндө студенттерге коррупциянын алдын алуу

Ишкер Media
Бишкекте автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, бир жүргүнчү жаракат алды

Бишкекте автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, бир жүргүнчү жаракат алды

2026-жылдын 21-сентябрында саат 11:30 чамасында Жибек Жолу жана Ахматбек Суюмбаев (Карпинка) көчөлөрүнүн кесилишинде жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, Жибек Жолу көчөсү менен чыгыш багытында бара жаткан, №45 каттамды тейлеген Isuzu Cityport үлгүсүндөгү автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Жол кырсыгынын

Ишкер Media