Барскоон – Бедел жолу 2030-жылы пайдаланууга берилет

Барскоон – Бедел жолу 2030-жылы пайдаланууга берилет

Узундугу 161 чакырым болгон Барскоон – Бедел унаа жолу эки тилкелүү болуп курулуп, 2030-жылы пайдаланууга берилери пландалууда. Бул тууралуу China Road and Bridge Corporation компаниясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктиктеги татаал тоолуу аймак аркылуу өтөт. Долбоордун алкагында 50дөн ашык көпүрө, анын ичинде үч ири көпүрө, эки туннель жана бир жол түйүнү курулат.

Эң ири курулуш объектиси Барскоон дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө болот. Анын узундугу 360 метр, бийиктиги 80 метрди түзүп, пайдаланууга берилгенден кийин Кыргызстандагы эң чоң көпүрөгө айланат.

Ошондой эле Тарагай дарыясында 287 метрлик, Кара-Сай дарыясында 417 метрлик көпүрөлөр курулат. Мындан тышкары, Сөөк ашуусунда узундугу 5340 метр болгон “Сөөк” жана 3788 метрлик “Ашуу-Суу” туннелдери салынып, заманбап жарыктандыруу системалары менен жабдылат.

Компаниянын маалыматына ылайык, курулуш иштери бүткөндөн кийин объектке 5 жылдык кепилдик мөөнөтү берилет.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media