Баткендеги жолдун курулушу көзөмөлгө алынды

Баткендеги жолдун курулушу көзөмөлгө алынды

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев шаар аймагында жүрүп жаткан жол жана тротуар курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган шаардын мэринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач мэр А. Ганиев көчөсүндө курулуп жаткан тротуардын сапатын жана аткарылып жаткан иштерди көрүп чыкты. Бул көчөдө эки тараптуу жалпы узундугу 420 метр болгон тротуар курулуп, суу өткөрүүчү латоктор орнотулат.

Андан соң мэр Базар-Башы аймагындагы Ата Доктур көчөсүндө аткарылып жаткан иштерди да текшерди. Учурда көчөнү кеңейтүү иштери аяктап, жакынкы күндөрү тротуар жана латок курулуп, андан кийин жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.

Шаар башчысы курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга бардык жумуштарды белгиленген мөөнөттө жана талапка ылайык бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды