Бишкекте коомдук транспорттун коопсуздугу жана тейлөө сапаты талкууланды

Бишкекте коомдук транспорттун коопсуздугу жана тейлөө сапаты талкууланды

Күн мурун Бишкек шаарында мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында "Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасынын жетекчилиги жана каттам бригадирлеринин катышуусунда жыйын өттү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жыйында коомдук транспорттун ишинин сапатын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, тейлөө маданиятын жакшыртуу жана айдоочулардын эмгек шарттары талкууланды.

Жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, айдоочуларга жол эрежелерин так сактоо, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткаруу милдети коюлду. Ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу жана транспорт каражаттарынын техникалык абалын көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, айдоочулардын эмгек акысын эсептөө тартиби жана төлөө шарттары боюнча маалымат берилип, кызматкерлерди колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында каттам бригадирлерине айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмгек тартибин, жол кыймылынын коопсуздук талаптарын жана жүргүнчүлөрдү тейлөө стандарттарын көзөмөлдөө тапшырылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул суу сактагычында заманбап балык чарба комплекси курулушу мүмкүн

Токтогул суу сактагычында заманбап балык чарба комплекси курулушу мүмкүн

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров "ПРАЙМ ФИШ" ЖЧКсынын өкүлү Жыргалбек Орозалиев жана Түркия Республикасынын аквамаданият боюнча инженери Эрдем Фарух менен жолугушту. Агенттикттин маалыматына ылайык, жолугушууда Токтогул суу сактагычында толук өндүрүштүк циклди камтыган аквамаданият кластерин түзүү боюнча инвестициялык долбоор сунушталды. Долбоордун алкагында балык өстүрүү, тоют өндүрүү, продукцияны

Бишкектеги бир катар объектилер текшерилди

Бишкектеги бир катар объектилер текшерилди

5-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы билим берүү мекемелерин жана жол-транспорт инфраструктурасынын объектилерин кыдыруу аркылуу алардын курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, алгачкы текшерилген объект №57 жалпы орто билим берүү мектеби болду. Бул жерде Капиталдык курулуш башкармалыгы

Журналист Жээнбай Каракүчүковду сабаган жаран камакка алынды

Журналист Жээнбай Каракүчүковду сабаган жаран камакка алынды

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы УТРКнын “Телекүзөт” программасынын редактору Жээбай Каракүчүковго кол салууга шектелген жаранды кармаганын билдирди. Маалыматка ылайык, окуя жарандардын кайрылуусу боюнча тартуу иштери жүрүп жаткан учурда болгон. Бул факты боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталып, 1995-жылы туулган Т.Ж.

Доллар туруктуу, рубль төмөндөдү: расмий валюта курстары жаңырды

Доллар туруктуу, рубль төмөндөдү: расмий валюта курстары жаңырды

Улуттук банк 6-августка карата чет өлкөлүк валютанын расмий курсун белгиледи. Ага ылайык, доллардын курсу өзгөрүүсүз калып, 87,4500 сомду түздү. Евро 100,6331 сомдон 100,8867 сомго чейин жогорулап, 0,2536 сомго же 0,25%га өстү. Теңге 0,1853 сомдон 0,1860 сомго чейин көтөрүлүп, 0,0007 сомго