Бишкекте жүзгө жакын көчө оңдолууда

Бишкекте жүзгө жакын көчө оңдолууда

Бишкекте жүзгө жакын көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдолуп жаткан жолдун 99у автоунаа жолдору, ал эми 21и – тротуарлар. Ошол эле учурда 56 объектиде иштер толугу менен аяктады. Алардын ичинен 43ү – жол тилкелери, 13ү – тротуар.
  • Ленин районунда 20 көчөдө иштер башталып, анын 5 объектиси толук бүткөрүлдү;
  • Октябрь районунда 15 көчөдө оңдоо иштери жүрүп, 7 объект пайдаланууга берилди;
  • Биринчи Май районунда 20 көчөдө иштер жүргүзүлүп, алардын 13ү аяктады;
  • Свердлов районунда 22 көчөдө оңдоо иштери башталып, 16 объектте иштер толугу менен бүткөрүлдү.
  • "Бишкекасфальтсервис" ишканасы 19 көчөдө оңдоо иштерин жүргүзүп, алардын 12синде иштерди толук бүтүрдү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда

Өлкө канча электр энергиясын керектейт?