Кыргызстан менен Кытай транспорт тармагындагы жаңы долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Кытай транспорт тармагындагы жаңы долбоорлорду талкуулады

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолугушуп, эки өлкөнүн транспорт тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Министр акыркы жылдары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өсүп жатканын белгилеп, бул транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн арттырып жатканын билдирди.

Жолугушууда "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун курулушу, ошондой эле "Бедел" өткөрмө пункту аркылуу өтүүчү "Барскоон – Үчтурпан – Аксу" жаңы автомобиль жолун куруу долбоорлорунун стратегиялык маанисине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык автомобиль ташуулары боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун жана кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы Үзөңгү-Кууш (Чоң-Узун-Гуш) чек ара дарыясы аркылуу "Бедел" өткөрмө пунктунда автомобиль көпүрөсүн куруу боюнча макулдашууну даярдоо маселелерин карашты.

Ошондой эле жолугушууда күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга байланыштуу логистикалык маселелер да талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытай транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бардык актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media