Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды
Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү.
Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Анын 6,5 чакырымы 2025-жылы пайдаланууга берилген. Быйыл калган 5,5 чакырым тилкеге асфальт-бетон төшөлүп, натыйжада пландалган 12 чакырым жол толугу менен жаңы асфальт-бетон жабуусу менен камсыздалды.
Жолдун жаңыланышы аймактагы транспорттук каттамды жакшыртып, жүк жана жүргүнчү ташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.