Бишкектеги Манас көчөсүндө жол өтмөктөрү курулууда

Бишкектеги Манас көчөсүндө жол өтмөктөрү курулууда

Манас көчөсүндөгү  жол өтмөктөрүн капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жол өтмөктөрдүн дубалдары жана колонналары заманбап HPL панелдери менен капталып, шып бөлүктөрү алюминий рейкалары менен жасалууда. 

Ошондой эле заманбап архитектуралык жарыктандыруу системасын орнотуу каралган.

Учурда HPL панелдерин орнотуу, алюминий рейкаларын монтаждоо жана электр монтаждоо иштери толугу менен аяктады. Азыркы тапта объектти гранит плиталары менен каптоо иштери уланууда.

Белгилей кетсек, жол өтмөктөрдү капиталдык оңдоо иштери Бишкек шаардык архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыгып, бекитилген эскиздик долбоордун негизинде жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда

Өлкө канча электр энергиясын керектейт?