Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду “Кыргыз Темир жолу” ишканасына инвестициялык колдоо көрсөтөт

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду “Кыргыз Темир жолу” ишканасына инвестициялык колдоо көрсөтөт

6-августта VIII кыргыз-орус экономикалык форумунун алкагында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки келишимге кол коюшту. Бул тууралуу аталган ишканадан маалымдашты.

Маалыматка караганда, келишимдерге “Кыргыз темир жолу”мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жанаКыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков кол коюшту. Биринчи келишим локомотивдердин дөңгөлөк жуптарын оңдоо үчүн дөңгөлөк-станоктук участокту технологиялык жактан жабдуу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууну карайт.

Экинчи келишим контейнерлерди ташуу үчүн 200 фитингдик платформаны сатып алуу боюнча инвестициялык долбоорду биргелешип иштеп чыгууну карайт. Аталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу өндүрүштүк жана темир жол инфраструктурасын жаңылоого, кыймылдуу курамды оңдоонун жана эксплуатациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга, контейнердик ташууларды өнүктүрүүгө, Кыргызстандын транзиттик потенциалын бекемдөөгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media