"Каракол" аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды

"Каракол" аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды

Бүгүн "Каракол" эл аралык аэропортунда учуп-конуу тилкесин масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктагандан кийинки алгачкы техникалык каттам аткарылды. Аэропорттун тарыхында биринчи жолу магистралдык класстагы Airbus A320 аба кемеси кабыл алынды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Техникалык каттам жаңыланган аэродром инфраструктурасынын ири учактарды кабыл алууга даяр экенин көрсөттү. Бул аэропортто туруктуу эл аралык каттамдарды ишке киргизүүгө даярдыктын маанилүү этаптарынын бири болуп саналат.

Реконструкциянын алкагында аэропорттун учуп-конуу тилкеси 2 450 метрден 3 750 метрге чейин узартылды. Мындан тышкары, заманбап жарык-белги берүү жабдуулары жана ILS инструменталдык кондуруу системасы орнотулду. Бул өзгөртүүлөр аэропорттун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, учуу коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт.

Буга чейин "Каракол" аэропорту негизинен Dash 8 Q400 сыяктуу аймактык учактарды жана бизнес-жеттерди кабыл алып келген. Реконструкциядан кийин аэропорт Airbus A320 жана Boeing 737 сыяктуу ири учактарды тейлөөгө мүмкүнчүлүк алды.

"Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов бул окуя Ысык-Көл облусунун авиация тарыхындагы жаңы этап экенин белгиледи.

Анын айтымында, учурда Россиядан, КМШ өлкөлөрүнөн, Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен жана башка багыттардан Караколго жаңы каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Негизги максат — Караколду Ысык-Көлдүн толук кандуу аба дарбазасына айлантып, чет өлкөлүк туристтерге аймакка түз жетүүгө шарт түзүү.

Самидинов ошондой эле өлкөдөгү аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо жана жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча иштер мамлекеттик деңгээлде улантылып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында бизнес-коомчулук, ТЭИ катышуучулары, бажы өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жыйындын негизги маселеси - "Смарт Бажы" маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү болду. ТЭИ катышуучуларына модуль 26-сентябрдан тарта ишке кирери маалымдалды. Жөнгө салуу жана тестирлөө

Ишкер Media
Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады

Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады

Бүгүн Бишкекте БУУӨПтүн "Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү жана отчеттуулук" долбоорунун Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жыйынга Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров катышты. Анын айтымында, БУУӨПтүн колдоосу 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууга өбөлгө түзүүдө. Кызматташуунун алкагында: • коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча

Ишкер Media
Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Жер титирөөгө туруктуу курулуш институтунун Түштүк башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айылындагы бала бакчаны текшерди. Бул тууралуу Курулуш министирлиги билдирди. Маалымдалгандай, объекттин курулушу 2018-жылы башталып, 2020-жылы токтоп калган. Адистер имараттын долбоордук документтерин карап чыгып, конструкцияларына инженердик-техникалык талдоо жүргүзүп, өлчөөлөрдү алды. Жыйынтыгында техникалык абал

Ишкер Media
Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Ысык-Көл башкармалыгы Бишкек шаардык экологиялык прокуратуранын көрсөтмөсү менен текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылындагы курорттук-рекреациялык объектилер, конок үйлөр жана туристтик жайлар пландан тышкары текшерилди. Жыйынтыгында 32 объект шаар куруу мыйзамдарын бузуу менен салынганы аныкталды. Мыйзам

Ишкер Media