Кыргызстанда бир жумада 415 айдоочу мас абалында кармалды

Кыргызстанда бир жумада 415 айдоочу мас абалында кармалды

Кыргызстанда 31-июлдан 6-августка чейин 28 753 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, бир жуманын ичинде тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкарган 4 502, мас абалында унаа башкарган 415 жана унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 207 айдоочу аныкталган.

Мындан тышкары, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча 4 582, белгиленген ылдамдык чегинен ашуу боюнча 1 567, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу боюнча 841 факт катталган.

Ошондой эле автоээнбаштык боюнча 33, жасалма мамлекеттик номер менен транспорт каражатын башкаруу боюнча 8 факт аныкталган. Башка жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларынын саны 13 357ни түздү.

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 241 транспорт каражаты убактылуу токтотуучу атайын жайларга киргизилди.

ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана жолдогу коопсуздукка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда

Өлкө канча электр энергиясын керектейт?