Ошто К. Баялинов көчөсү жаңыланып, пайдаланууга берилди
Ош шаарындагы К. Баялинов көчөсүнүн курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Көчөнү жаңылоо иштери мындан 1 ай мурда башталган.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, курулуш иштеринин алкагында жолдун эки тарабына тротуарлар салынып, жашыл аймактар жана ирригациялык тармактар каралды. Ошондой эле автоунаалар үчүн токтотуучу жайлар уюштурулду.
Жаңыланган көчөнүн ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Белгилей кетсек, К. Баялинов көчөсүндө мейманкана, банк жана мамлекеттик маанидеги бир катар объектилер жайгашкан.
Көчөнү жаңылоо шаардык инфраструктураны жакшыртууга, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.