Арашан – Чуңкурчак унаа жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Арашан – Чуңкурчак унаа жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Чүй облусунда туристтик мааниге ээ Арашан – Чуңкурчак унаа жолунда курулуш иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 21,7 чакырымды түзгөн жолдун 16-20-чакырымдарында асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле жол боюндагы тирөөч дубалдарды жана суу өткөрүүчү түтүкчөлөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктаган. Мындан тышкары, эки көпүрөнүн курулушу бүттү.

Учурда жолдун кооптуу тилкелеринде кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жол белгилери жана темир тосмолор орнотулууда.

Белгиленгендей, Арашан – Чуңкурчак жолу — Чуңкурчактагы лыжа базаларына жана эс алуу жайларына алып баруучу негизги каттамдардын бири.

Жол курулушу толугу менен аяктагандан кийин туристтик аймактарга жетүү кыйла ыңгайлуу жана коопсуз болуп, жолдун сапаты жакшырары белгиленди.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда

Өлкө канча электр энергиясын керектейт?