Фрунзе көчөсүнүн бир тилкесинде жол кыймылына чектөө киргизилди

Фрунзе көчөсүнүн бир тилкесинде жол кыймылына чектөө киргизилди

Бүгүнтөн тарта Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер жолду жаңылоонун кезектеги баскычы. Буга чейин Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштеринин негизги бөлүгү аяктап, жол кыймылы кайра жанданган.

Белгиленгендей, жолдун эски асфальт-бетон катмары алынат. Ошондой эле негизи бекемделип, инженердик тармактар оңдолот, жаңы асфальт төшөлүп, жол инфраструктурасы жаңыланат.

Жол тилкесинин жабылышы шаардагы унаа кыймылына мүмкүн болушунча аз таасир этүү максатында этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

Мэрия айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу киргизилген жол кыймылынын өзгөрүүлөрүн эске алууга чакырды.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Күйүүчү май маселеси: Касымалиев мамлекеттик органдарга тапшырма берди

Күйүүчү май маселеси: Касымалиев мамлекеттик органдарга тапшырма берди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселелери боюнча кезектеги жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында мунай заттары рыногундагы учурдагы кырдаал боюнча актуалдуу маселелер, анын ичинде жеткирүүлөр, камдалган запастар жана керектөөчүлөрдү зарыл болгон көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу майлар

Ноокатта Чили-Сай дарыясынын булганышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Ноокатта Чили-Сай дарыясынын булганышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Ноокатта Чили-Сай дарыясынын булганышы боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө суунун булганышынын себептери, дарыянын экологиялык абалы жана анын жергиликтүү тургундарга тийгизиши мүмкүн болгон таасири талкууланды. Район башчысы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана суу ресурстарынын тазалыгын сактоо маанилүү экенин белгилеп, тиешелүү кызматтарга бир

"Айып пулуңуз бар": Кыргызстанда жаңы алдамчылык схема жайылууда

"Айып пулуңуз бар": Кыргызстанда жаңы алдамчылык схема жайылууда

Башкы прокуратура Tolom.kg расмий сервисин туураган фишингдик сайттар аркылуу жасалган алдамчылык учурлары көбөйүп жатканын эскертти. Маалыматка ылайык, алдамчылар жарандарга жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн төлөнбөгөн айып пулу бар экени тууралуу жалган SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүп, жасалма сайттарга өтүүнү сунуштап жатышат. Алардын арасында tolom.p4zr.top, tolom.a7km.top жана tolom.

Борбордо коомдук жайларда мыйзамга ылайык тынчтыкты сактоо көзөмөлдөнүүдө

Борбордо коомдук жайларда мыйзамга ылайык тынчтыкты сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын төрт районунда "Тынчтык жөнүндө" мыйзамындын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар өттү. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө коомдук тамактануучу жайлар, курулуп жаткан бир катар объектилер жана футбол аянтчалары текшерилди. Алардын арасында "Сенатор", "Шахноза", "Flo Resto&Bar&