Ара-Көл – Оро-Башы жолунун 5 чакырымы асфальтталууда

Ара-Көл – Оро-Башы жолунун 5 чакырымы асфальтталууда

Нарын облусунун Кочкор районундагы Ара-Көл – Оро-Башы унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырымына асфальт-бетон төшөө каралган.

Учурда №955 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, жолго асфальт-бетон аралашмасы төшөлүүдө.

Ара-Көл – Оро-Башы жолу Кочкор районунун Чолпон айыл аймагындагы Ара-Көл жана Оро-Башы айылдарын байланыштырат.

Жумуштар аяктагандан кийин жол кыймылы жеңилдеп, транспорт каражаттарынын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүлөт.

Жол куруу жана оңдоо иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media
Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда

Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ашхабад шаарында өтүп жаткан Түркмөнстандын инвестициялык форумуна (TIF 2026) катышты. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Форум 1-2-октябрь күндөрү өтүүдө. Ачылышында Равшанбек Сабиров Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. "Кыргызстан менен Түркмөнстанды боордоштук мамилелер,

Ишкер Media
Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканалары жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулушу мүмкүн

Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканалары жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулушу мүмкүн

Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканаларынын жана селлерлердин 2026-жылдын 1-августунан тартып жылдын аягына чейин бирдиктүү салык ченемдери 0% пайызды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу 30-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ысабеков радиодо чыгып сүйлөгөндө билдирди. Анын сөзүнө караганда, тигүү ишканалары 0, 25 %, ал эми цехтерге товар буйрутма

Ишкер Media