Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды
Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт-бетон алынып, жолдун негизи бекемделди. Инженердик тармактар оңдолуп, жаңы асфальт-бетон төшөлдү. Ошондой эле жол инфраструктурасынын элементтери жаңыртылды.
Учурда жол оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык уланууда.
Иштер жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жолдун сапатын жогорулатууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.


