Бишкектин бир катар конуштарында жолдор жаңыланууда

Бишкектин бир катар конуштарында жолдор жаңыланууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы жол инфраструктурасы жана спорттук объектилер боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэр Анкара көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн "Рухий-Мурас" конушундагы 8-көчөгө чейинки бөлүгүндө салынып жаткан тротуардын курулушу менен таанышты. Анын жалпы узундугу 1 чакырымды түзөт.

"Кара-Жыгач" конушундагы Шаты көчөсүндө 616 метр жол курулууда. Унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 7 метрди түзүп, жолдун эки тарабына жалпы узундугу 924 метр тротуар куруу каралган.

Ал эми "Көк-Жар" конушундагы Күмүшалиева көчөсүндө узундугу 300 метрден ашкан жол курулуп жатат. Унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрди түзөт.

Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев Куланов жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан заманбап футбол комплексинин курулушун текшерди. Комплекстин негизги стадиону 6 700 көрүүчүгө ылайыкталып, FIFAнын III категориясынын талаптарына жооп берет. Ошондой эле 9 машыгуу талаасы жана 500 унаага ылайыкталган токтотуучу жай каралган.

Мэр жооптуу кызматтарга иштердин сапатын жана темпин көзөмөлдөөнү күчөтүп, жолдорго чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүүгө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media
Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда

Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ашхабад шаарында өтүп жаткан Түркмөнстандын инвестициялык форумуна (TIF 2026) катышты. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Форум 1-2-октябрь күндөрү өтүүдө. Ачылышында Равшанбек Сабиров Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. "Кыргызстан менен Түркмөнстанды боордоштук мамилелер,

Ишкер Media
Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканалары жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулушу мүмкүн

Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканалары жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулушу мүмкүн

Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканаларынын жана селлерлердин 2026-жылдын 1-августунан тартып жылдын аягына чейин бирдиктүү салык ченемдери 0% пайызды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу 30-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ысабеков радиодо чыгып сүйлөгөндө билдирди. Анын сөзүнө караганда, тигүү ишканалары 0, 25 %, ал эми цехтерге товар буйрутма

Ишкер Media