Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте бир катар көчөлөрдө жолдорду, тротуарларды жана ирригациялык тармактарды оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, учурда төмөнкү тилкелерде иштер бүткөрүлдү:

• Клинск көчөсү — Кахов көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин, 200 метр;
• Левонев көчөсү — Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин, 750 метр;
• "Алтын-Ордо" конушу — Кадырбай-Ата көчөсүнөн Кадыра-Ата көчөсүнө чейин, 500 метр;
• Мессарош көчөсү — Профсоюзная көчөсүнөн Аска-Таш көчөсүнө чейин, 500 метр;
• Аска-Таш көчөсү — Мессарош көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, 820 метр;
• Аталышы жок көчө — Архитектурная көчөсүнөн Чүй көчөсүндөгү №16 дарекке чейин, 560 метр;
• Москва көчөсү — Т. Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, 630 метр;
• Широкая көчөсү — Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейин, 650 метр;
• Жибек Жолу проспектиси — К. Датка көчөсүнөн Будённый көчөсүнө чейин, 320 метр;
• 7-кичи район — №16а/3 үйдөн №16а үйгө чейин, 100 метр;
• Көк-Жар кичи району — №22/4 үйдөн №23/2 үйгө чейин, 80 метр.

Аталган тилкелерде жолдор жана тротуарлар капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, тиешелүү жерлерге ирригациялык тармактар орнотулду.

Мэриядан борбор калаанын көчө-жол тармагын жакшыртуу жана өнүктүрүү иштери мындан ары да улантыларын билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media
Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда

Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ашхабад шаарында өтүп жаткан Түркмөнстандын инвестициялык форумуна (TIF 2026) катышты. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Форум 1-2-октябрь күндөрү өтүүдө. Ачылышында Равшанбек Сабиров Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. "Кыргызстан менен Түркмөнстанды боордоштук мамилелер,

Ишкер Media
Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканалары жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулушу мүмкүн

Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканалары жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулушу мүмкүн

Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканаларынын жана селлерлердин 2026-жылдын 1-августунан тартып жылдын аягына чейин бирдиктүү салык ченемдери 0% пайызды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу 30-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ысабеков радиодо чыгып сүйлөгөндө билдирди. Анын сөзүнө караганда, тигүү ишканалары 0, 25 %, ал эми цехтерге товар буйрутма

Ишкер Media