Бишкекте "жашыл" мобилдүүлүк боюнча жаңы долбоор ишке ашырылат

Бишкекте "жашыл" мобилдүүлүк боюнча жаңы долбоор ишке ашырылат

Бишкекте 2027-жылдан тартып пилоттук "жашыл" мобилдүүлүк коридорун түзүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

11-августта мэрдин орун басары Рамиз Алиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Чжэн Ву менен жолугушту. Анда шаардык транспортту электрлештирүү долбоорунун учурдагы абалы жана аны мындан ары ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар 2027-жылдан тартып ишке ашыруу пландалган "жашыл" мобилдүүлүк коридорун түзүү боюнча "Компонент-3тү" жана автобус транспортунун туруктуу иштешине багытталган "Компонент-4тү" карап чыгышты. Учурда эки багыт боюнча тиешелүү документтер АӨБ менен биргеликте такталууда.

Чжэн Ву долбоорду 2029-жылга чейин узартуу пландалып жатканын билдирген. Бул жаңы компоненттерди жана башка каралган иш-чараларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, АӨБ шаардык мобилдүүлүк боюнча жаңы долбоор даярдоону сунуштады. Бишкек мэриясы өз кезегинде күн энергиясын пайдалануу, анын ичинде шаардык инфраструктура объектилерине күн панелдерин орнотуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу сунушун берди.

Жыйынтыгында тараптар экологиялык таза транспортту, шаардык мобилдүүлүктү жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media
Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда

Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ашхабад шаарында өтүп жаткан Түркмөнстандын инвестициялык форумуна (TIF 2026) катышты. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Форум 1-2-октябрь күндөрү өтүүдө. Ачылышында Равшанбек Сабиров Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. "Кыргызстан менен Түркмөнстанды боордоштук мамилелер,

Ишкер Media
Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканалары жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулушу мүмкүн

Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканалары жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулушу мүмкүн

Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканаларынын жана селлерлердин 2026-жылдын 1-августунан тартып жылдын аягына чейин бирдиктүү салык ченемдери 0% пайызды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу 30-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ысабеков радиодо чыгып сүйлөгөндө билдирди. Анын сөзүнө караганда, тигүү ишканалары 0, 25 %, ал эми цехтерге товар буйрутма

Ишкер Media