Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек шаардык мэриясы борбор калаада жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын муниципалдык унаа жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгенин эскертет.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, чектөө 20-майдан 1-октябрга чейин, күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин, абанын температурасы +28 °C жана андан жогору болгон учурда күчүндө болот.

Бул чаралар жолдун асфальт-бетон жабуусун сактоо, анын мөөнөтүнөн мурда бузулушуна жол бербөө жана муниципалдык унаа жолдорунун пайдалануу мөөнөтүн узартуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Бишкек шаарынын мэриясы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын жана транспорттук компанияларды маршруттарды пландаштырууда белгиленген чектөөлөрдү эске алууга жана коюлган талаптарды сактоого чакырат.

Чектөөлөр күчүндө болгон мезгилде оор жүк ташуучу транспорттун кыймылын мүмкүн болушунча аба ырайынын температуралык режимин эске алуу менен алдын ала пландаштырып, сапарларды белгиленген убакыттан тышкары аткаруу сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Социалдык контракт: Биринчи май районунда 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

Социалдык контракт: Биринчи май районунда 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

Биринчи май районунун муниципалдык администрациясында социалдык контракт боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Райондук администрациядан билдиришкендей, жыл башынан бери социалдык контракт боюнча 38 арыз түшкөн. Анын ичинен 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, 8 арыз кайра кароого калтырылып, дагы 8 арыз талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу четке кагылган.

Таластагы "Баластан" борборунун курулушу 85%га аяктады

Таластагы "Баластан" борборунун курулушу 85%га аяктады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас шаарында курулуп жаткан "Баластан" балдар оюн-зоок борборундагы иштердин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда объекттеги курулуш иштери 85%га аткарылып, 400гө жакын жумушчу эмгектенүүдө. Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан турат. Анда

Кыргызстан менен Жапония климат жана экология маселелерин талкуулады

Кыргызстан менен Жапония климат жана экология маселелерин талкуулады

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жапониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, туруктуу өнүгүү жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Өзгөчө көңүл критикалык мааниге ээ минералдарга бурулуп, бул багытта

Кыргызстанда орточо айлык 53 миң 759 сомду түзөт

Кыргызстанда орточо айлык 53 миң 759 сомду түзөт

2026-жылдын январь–июнь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо айлык эмгек акы 53 миң 759 сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, 2026-жылдын июнь айында 2025-жылдын июнь айына салыштырмалуу өлкөдөгү бардык экономикалык ишмердиктин түрлөрүндө иштегендердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 27,5%га өскөн. Жылдык