Нарын – Оруктам жолунун 5,3 чакырымына асфальт төшөлдү

Нарын – Оруктам жолунун 5,3 чакырымына асфальт төшөлдү

Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 9,45-15-чакырым аралыгындагы 5,3 чакырым жолго асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумуштар №8 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, сапат талаптарын сактоо менен аткарылды.

Жолдун бул бөлүгүнүн оңдолушу жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетип, айылдар арасындагы транспорттук байланышты жакшыртууга шарт түзөт.

Учурда Нарын облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Калган тилкелерде жол куруу жана оңдоо жумуштары бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп жатат.

Жол куруу иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда

Өлкө канча электр энергиясын керектейт?

Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык уулоого үч жылдык чектөө киргизилди