ШКУ саммитине байланыштуу “Манас” аба майданында чектөө киргизилет

ШКУ саммитине байланыштуу “Манас” аба майданында чектөө киргизилет

“Манас” эл аралык аба майданы 31-августта жана 1-сентябрда ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу өзгөчө режимде иштейт. “Кыргызстан аэропорттору” ААК маалымдагандай, күндүз үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын кабыл алуу жана жөнөтүү убактылуу чектелет.

Маалыматка ылайык, 31-августта чектөө саат 09:00дөн 20:00гө чейин күчүндө болот. Бул убакта аба майданы ШКУ саммитинин катышуучуларын жана расмий делегацияларды кабыл алат.

1-сентябрда жүргүнчү каттамдарына коюлган чектөө саат 10:00дөн 22:00гө чейин созулат.

Ошол эле учурда аба майдан толугу менен жабылбайт. Чектөө коюлбаган түнкү убакта жүргүнчү каттамдарын тейлөө улантылат.

Авиакомпанияларга айрым каттамдардын убактысын өзгөртүү, жеткиликтүү убакытка жылдыруу же зарыл болгон учурда токтотуу сунушталды.
31-августта жана 1-сентябрда учууну пландаган жүргүнчүлөргө каттамынын статусун авиакомпаниядан алдын ала тактап, актуалдуу графикке көз салып туруу сунушталат. Учуп кетүү жана келүү убактысы өзгөрүшү мүмкүн.

Убактылуу чектөөлөр эл аралык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыз кылуу жана расмий делегацияларды кабыл алууну уюштуруу үчүн киргизилүүдө.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып

Орто-Токой ГЭСиндеги иштин жүрүшү текшерилди

Орто-Токой ГЭСиндеги иштин жүрүшү текшерилди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Орто-Токой ГЭСине барып, ишке киргизүү алдындагы жөнгө салуу жана сыноо иштеринин жүрүшү, ошондой эле станциянын жабдууларын ишке киргизүүгө даярдоо иштери менен таанышты. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда “Чакан ГЭС” ААКнын адистери China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте станциянын генераторлорун жана көмөкчү

Япония Кыргызстанга 4 млн доллар грант берет

Япония Кыргызстанга 4 млн доллар грант берет

Финансы министри Руслан Суйналиев менен Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия жолугушуп, Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюушту. Гранттык колдоонун жалпы көлөмү 533 млн япон иенин (болжол менен 4 млн долларды) түзөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, каражаттар жол-транспорт техникасын сатып алууга багытталат.

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн