Ысык-Көлдөгү бир катар жол курулуш иштери текшерилди

Ысык-Көлдөгү бир катар жол курулуш иштери текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолдордогу курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Жети-Өгүз курортуна баруучу унаа жолдун жана Каракол – Барскоон унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 0–141,6-чакырым аралыгындагы курулуш иштерин текшерди.

Учурда аталган жолдун 0–141,6-чакырым бөлүгүндө 5 башкы подрядчы жана 10дон ашык субподрядчы компания тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата биринчи катмар асфальт-бетон төшөө иштери 125,620 чакырымда аткарылып, жалпы көлөмдүн 89%ын түздү.

Курулуш иштерине жалпысынан 978 жумушчу жана 402 даана атайын техника тартылган. Ошондой эле объектте 7 асфальт-бетон заводу жана 13 таш майдалоочу завод үзгүлтүксүз иш алып барууда.

Министр курулуш иштеринин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткарылышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

“Мадина” базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат

“Мадина” базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат

Бишкек шаарынын мэриясы “Мадина” базарындагы өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатканы тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу, учурда өрттүн келип чыгуу жагдайларын жана келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча иштер улантылып жатканын билдирди. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын суммасы Свердлов райондук администрациясы тарабынан аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда

Ишкер Media
Кыргызстан менен Орусиянын Жогорку соттору кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Орусиянын Жогорку соттору кызматташууну күчөтөт

Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин чакыруусу менен Орусиянын Жогорку Сотунун төрагасы Игорь Краснов Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жогорку даражалуу конокту "Манас" эл аралык аэропортунан Медербек Сатыев тосуп алды. Тосуп алууга ошондой эле төраганын орун басары Шералы Камчыбеков, кеңешчи Руслан

Ишкер Media
РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң  $ ашык каражат салат

РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң $ ашык каражат салат

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстанда заманбап изоляциялык жана полимердик материалдарды өндүрүүнү кеңейтүү долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү. Долбоордун биринчи этабын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачкан. Экинчи этаптын алкагында РКӨФ - 800 миң $ ашык инвестиция салат. Долбоорго жалпы инвестициянын көлөмү

Ишкер Media
Садыр Жапаров Лос-Анжелеске келди

Садыр Жапаров Лос-Анжелеске келди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Американын Лос-Анжелес шаарына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, сапардын максаты - Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин учуруу аземине катышуу. Спутник SpaceX компаниясынын ракетасы менен орбитага чыгарылат. Мамлекет башчысын аэропорттон SpaceXтин глобалдык өнүгүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media