Эмгек министрлиги «Санарип көчмөн» макамын алуу үчүн 600дөн ашык арызды кабыл алды
Эмгек министрлиги “Санарип көчмөн” макамын алуу үчүн 600дөн ашык арызды кабыл алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Министр Россиянын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Молдованын жана Казакстандын IT тармагында иштеген резиденттери Кыргызстанга киргенден кийин “Санариптик көчмөндөр” катары каттала алышарын жана бул статус аларга өлкөдө өз ишмердүүлүгүн