Баткендин чек арага жакын аймагындагы турак-жайлар мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Анда Баткен облусунун чек арага жакын аймагындагы бардык турак-жайларды мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу боюнча тапшырмалар берилгенин кабинеттин маалымат кызматы билдирди. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы кырдаал жана тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу