2022-жылы Бишкек мэриясы бюджетти оптималдаштыруу максатында кызматтардын бир бөлүгүн аутсорсингге берүүнү көздөөдө
Кийинки жылы Бишкек мэриясы бюджетти оптималдаштыруу максатында кызматтардын бир бөлүгүн аутсорсингге берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Бишкек шаарын 2021-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында айтылат. Бишкек мэриясынын билдиргиненине караганда, муниципалитетти башкаруу системасы учурдагы реалдуулукка дал келип, коомдун бардык муктаждыктарына жооп бериши керек. «Жеке сектордун ийкемдүүлүгүн жана көбүрөөк натыйжалуулугун эске алуу