Кыргызстандык Эркин Адылов негиздеген компания Forbes басылмасынын мыкты финтех-компанияларынын тизмесине кирди
Goldman Sachs биржасынын мурдагы аналитиги жана хедж-фондунун менеджери Эркин Адылов негиздеген Behavox компаниясы Forbes басылмасынын версиясы боюнча «2021-жылдын 50 мыкты финтех-компаниясынын» тизмесине кирди. Коронавирус пандемиясы банк бөлүмдөрүнүн жабылышына жана Уолл-Стриттин бир кезде дүрбөлөң болгон базарларынын ээн калышына чейин, бүтүндөй каржы бизнесин санариптештирүү кызуу жүрүп жаткан. Фонддук