акыркы жаңылыктар

Ата мекендик товарларга СТ-1 сертификаты берилет

Бизнес

Ата мекендик товарларга СТ-1 сертификаты берилет

Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын башкы адиси Элдос Сагымбаев кечээ ата мекендик өндүрүрүшчүлөргө мамлекеттик гана ишканалар эмес, жеке ишкерлер жана инвесторлор дагы кирерин билдирди.  Анын айтымында, ата мекендик өндүрүшчү статусун аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан берилүүчү товардын келип чыгуусун көрсөткөн СТ-1 сертификаты колдонулат. Бул документ

Мыйзам бузган акча алмаштыруу бюролоруна айып салынды

Мыйзам бузган акча алмаштыруу бюролоруна айып салынды

Бишкек шаарындагы төрт алмашуу бюроcу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы аныкталды. КРнын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, мыйзам бузуулар аныкталган ар бир алмаштыруу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Binance`тын кыргызстандык кардарлары 65%га өстү

Бизнес

Binance`тын кыргызстандык кардарлары 65%га өстү

Кыргызстан криптовалюталарды жана блокчейнди кабыл алуу боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарында. Бул тууралуу Binance`тын маркетинг боюнча глобалдык директору Рэйчел Конлан журналисттер менен жолугушууда билдирди. "Жакында криптовалюталар боюнча мыйзамдарга жөнгө салуучу өзгөртүүлөр киргизилип, ал бир топ ийкемдүү жана натыйжалуу болгонун билебиз. Кыргызстан Борбор Азияда криптоадаптация жана криптовалюталарды кабыл алуу боюнча

Парламенттик шайлоого  4 млн 287 миң адам катышат

Коом

Парламенттик шайлоого 4 млн 287 миң адам катышат

БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров «Азаттыкка» берген маегинде 2025-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 4 млн 287 миң шайлоочу катталганын билдирди. Анын айтымында, шайлоо мыйзамына ылайык өлкөдө жалпы 30 шайлоо округу белгиленген жана ар бир округдан 3төн депутат шайланат. Болжол менен ар бир шайлоо округунан добуш берүүгө 142 900дөн шайлоочу катышат. Жаңы шайлоо

Алтын куймаларын чыгаруучу завод өзүн өзү актады

Экономика

Алтын куймаларын чыгаруучу завод өзүн өзү актады

«Кыргызалтын» ААК өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруучу заводдун курулушуна жумшаган каражатты бир жылдын ичинде толук актап, киреше тапты. Компаниянын расмий сайтында белгиленгендей, заводду курууга жана ишке киргизүүгө 320 миллион сом  каражат жумшалган жана бир жыл ичинде өлчөнгөн алтын куймаларын сатуудан түшкөн таза киреше 335,6 миллион сомду түзгөн. Алтынга болгон баанын

Кыргызстанда чет элдик түз инвестициялар 22%га өстү

Экономика

Кыргызстанда чет элдик түз инвестициялар 22%га өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүн аппараттык кеңешмесинде экономикадагы өсүштү сактап гана тим болбостон, аны күчөтүү зарылдыгын белгиледи. МинКаб башчысы 2025-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 722 млрд 901 млн сомду түзгөнүн, план 103,4%га аткарылганын белгиледи.  Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 211 млрд 971,9 млн сомду түзүп,

Мыйзамсыз ичимдик чыгарган жай табылды

Коом

Мыйзамсыз ичимдик чыгарган жай табылды

Бишкек шаарында контрафакттык алкоголдук продукцияларды өндүргөн мыйзамсыз цех аныкталды. Цех Свердлов районундагы Молодежный көчөсүндө жайгашкан.  Мамлекеттик салык кызматы берген маалыматка караганда,  рейддик текшерүү алкагында имарат тинтүүгө алынып, 151 бөтөлкө мыйзамсыз алкоголдук продукция жана эски үлгүдөгү акциздик маркалар табылган.   Цехтин ээлери продукцияны жок кылууга аракет кылып, качып кетишкен. Салыктык көзөмөлгө тоскоолдук

132 ишкана, 11 миңге жакын жумуш оруну

Экономика

132 ишкана, 11 миңге жакын жумуш оруну

Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бектур Базылбеков жыл башынан бери өлкөдө 77 өнөр жай ишканасы ачылганын билдирди.  Алардын 67си Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылып, 6 миң 200 жаран иш менен камсыздалган.  Бул ишканаларга жалпы 334,6 млн доллар жумшалган. Б.Базылбековдун билдиришинче быйыл жалпы  1 млрд 17

Өкмөт калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Энергетика

Өкмөт калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев министрликтерди, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал экономика тармактарын жана калкты 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө кеңешме өткөргөндө билдирди. Адылбек Касымалиев өлкө боюнча бардык ГЭСтердин абалы жана кышка карата даярдыктары туурасында маалыматтарды угуп,

«Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» белгиленет

Коом

«Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» белгиленет

Кыргызстанда 27-октябрдан 31-октябрга чейин «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2025» маалыматтык-билим берүү иш-чарасы өткөрүлөт. Мындай маалыматты Улуттук банктын Финансылык сабаттуулук бөлүмүнөн кабарлашты. Бул масштабдуу иш-чаранын максаты – коомчулуктун көңүлүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуу маселесине буруу, каражат топтоону өнүктүрүү, финансылык коопсуздукка үйрөтүү жана алгылыктуу финансылык чечимдерди кабыл алуу жөнүндө маалымат берүү болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк

“Бишкек” ЭЭА эки жылда бюджетке 7,2 млрд сом которгон

Экономика

“Бишкек” ЭЭА эки жылда бюджетке 7,2 млрд сом которгон

“Бишкек” эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) акыркы эки жылдын ичинде бюджетке 7 млрд 248 млн сом которду. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Жолдошбек Ниязбеков Биринчи радиого берген маегинде билдирди. Анын айтымында, ишканада 270 субьект бар жана 4 миңден ашык адам эмгектенет. Бул ишканалар тамак-аш продукцияларын, курулуш материалдарын, дары-дармек жана турмуш-тиричиликке керектүү

Үч-Коргон суу сактагычы ишке кирет

Коом

Үч-Коргон суу сактагычы ишке кирет

Үч-Коргон суу сактагычынын курулушу 95 пайызга аяктаганын жана ал келерки жылдан тарта толук кандуу ишке кирерин Жерлерди сугарууну өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу боюнча директор Муса Имаров билдирди. Анын айтымында, долбоордун алкагында Тоң районунда 4113 гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшырып, жаңы 817 гектар сугат жерди өздөштүрүүгө жардам көрсөтүлөт. Суу