акыркы жаңылыктар

Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Экономика

Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясы 8-апрелде Аламедин-1 кичи районундагы кооперативдердин өкүлдөрүнүн кайрылуусун карады. Кайрылуу көп кабаттуу үйлөрдөгү лифт жабдууларынын абдан эскиришине байланыштуу болгон. 10 үйдүн кызыкчылыгын коргогон Татьяна Горкинанын айтымында, 1979-жылы пайдаланууга берилген үйлөрдөгү лифттер

“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алат

Коом

“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алат

Талас облусундагы “Манас Ордо” улуттук комплексинде реконструкция жана курулуш иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Эрмат Жумаев курулуш иштеринин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп, сапатка өзгөчө көңүл буруу жана иштерди ыкчамдатуу зарылдыгын белгиледи. Учурда “Манас Ордо” комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Жаңы долбоорго ылайык, музейдин аянты

Кыргызстанда жетимдерге 88 жер тилкеси, 9 турак жай берилген

Кыймылсыз мүлк

Кыргызстанда жетимдерге 88 жер тилкеси, 9 турак жай берилген

Кыргызстанда жетим балдардын олуттуу бөлүгү мыйзам талаптарына карабастан турак жайсыз калып жатканын Салтанат Аманова 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Турак жай кодексине ылайык, 16 жаштан 23 жашка чейинки жетимдер турак жай же жер тилкелери менен камсыз болушу керек. Бирок иш жүзүндө бул нормалар жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатат.

Башкы прокуратура бир жылда бизнес укуктары боюнча 577 мыйзам бузуу аныктап, 2 кылмыш ишин козгогон

Экономика

Башкы прокуратура бир жылда бизнес укуктары боюнча 577 мыйзам бузуу аныктап, 2 кылмыш ишин козгогон

Башкы прокурор Максат Асаналиев 2026-жылдын 8-апрелинде Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында 2025-жылга карата ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын билдирди. Анын айтымында, отчеттук мезгилде прокуратура органдары бизнес укуктарын сактоо боюнча 233 текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 577 мыйзам бузуу аныкталган. Аларды жоюу үчүн 347 прокурордук чара көрүү актылары киргизилген.

Өлкөдө жумуртка, пияз, күрүчтүн баасы арзандады

Экономика

Өлкөдө жумуртка, пияз, күрүчтүн баасы арзандады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда, Россияда, Казакстанда азык-түлүк продуктуларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда сабиз – 1,4%, кум-

КРнын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны кыскарып, жаңы 3 аудит дайындалды

Экономика

КРнын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны кыскарып, жаңы 3 аудит дайындалды

Жогорку Кеңештин депутаты, Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы  Алтынбек Кудайбердиев бүгүн пленардык жыйындын жүрүшүндө  Эсептөө палатасынын 6 аудитору кызматтан бошотулгандыгын маалымдады. Анын айтымында, эми парламент 3 аудиторду шайлай алат, анын ичинен: 1 аудитор президенттин сунушу менен, 2 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталат. Ал эми буга

Чүйдө ичүүчү суу кызматтарынын тарифтери кайра каралды

Коом

Чүйдө ичүүчү суу кызматтарынын тарифтери кайра каралды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомуна ылайык, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан ОсОО "Маркетинг Сервис" ишканасы көрсөткөн кызматтардын тарифтери каралды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу кызматтары

Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Коом

Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Манас шаарында 6 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Алардын бири Көк-Арт муниципалдык аймактык башкаруусуна караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасында 375 орунга ылайыкталган мектеп болуп саналат. Долбоорго ылайык, мектептин имаратынын жалпы аянты 4200

Баткендеги Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасы жаңыланууда

Коом

Баткендеги Кара-Булак айылында ичүүчү суу системасы жаңыланууда

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, айылдагы суу системасы 1950-жылы курулуп, тоо булактарынан өз агымы менен келген суу аркылуу иштеп келген.

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Коом

Кыргызстанда ФАОнун 35 млн долларлык долбоорлору ишке ашууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков ФАО уюмунун Башкы директору Олег Таджмаматович менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө министр агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында көп жылдык стратегиялык кызматташтык үчүн

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү

Коом

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын участогунда инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүү иштери гидроагрегаттагы курулуш имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо, №2 суу өткөрүүчү туннелдин коопсуздугун камсыздоо жана компрессордук

Бишкекте Дэн Сяопин–Кустанай көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Транспорт

Бишкекте Дэн Сяопин–Кустанай көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектиси менен Кустанай көчөсүнүн кесилиши 8-апрелден 13-апрелге чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган тилкеде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Муниципалдык кызматтар шаар тургундарын жана айдоочуларды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. Ошондой эле каттамдарды алдын ала пландап алуу сунушталат.