акыркы жаңылыктар

Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Коом

Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Балыктардын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл чабагына 1-апрелден 15-майга чейин, майда балыктарга 1-майдан 1-июлуна, ал эми каңылтыр балыгына 15-майдан 15-июлга чейин электрондук балык

"Кыргыз-Швейцария банкы" он жылдан бери кыргыз-швейцария алакасына тоскоол болду

Банктар

"Кыргыз-Швейцария банкы" он жылдан бери кыргыз-швейцария алакасына тоскоол болду

Кыргызстан менен Швейцария өлкөлөрүнүн алакасын динамикалык өнүгүп жаткан мамилелер, деп айта албайбыз. Ал тургай минуска кеткенбиз, десек жаңылышпайбыз. Мындай пикирин, бүгүн ЖКтин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда, КРдагы Швейцария Конфедерациясындагы элчилигинин 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу, баяндап жатып КРнын  Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу

Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышы боюнча тапшырмалар берилди

Транспорт

Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышы боюнча тапшырмалар берилди

Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышына карата даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилгени Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кезектеги аппараттык жыйынында айтылды. Министр Талантбек Солтобаев жыйында Чүй облусунда курула турган төрт ири жолдун планын кыска мөөнөттө бекитүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Ошондой эле ал жооптуу жетекчилерден учурда аткарылып жаткан иштер боюнча

Эл өкүлү Кыргызстандагы энергетикалык бардык келишимдерди текшерүүнү сунуштады

Энергетика

Эл өкүлү Кыргызстандагы энергетикалык бардык келишимдерди текшерүүнү сунуштады

Парламент депутаты Гуля Кожокулова Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын энергетика тармагында кол коюлган бардык келишимдеринин аткарылышын текшерген депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Комитет “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун талкуулады. Кредиттик

Финансылык мыйзам бузуу боюнча камалган Улан Уезбаев үй камагына чыгарылды

Коом

Финансылык мыйзам бузуу боюнча камалган Улан Уезбаев үй камагына чыгарылды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Бишкек мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин мурдагы директору Улан Уезбаев боюнча бөгөт чарасын өзгөрткөнүн Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-апрелде райондук сот Уезбаевди камактан бошотуп, ага карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган. Эске салсак, 2025-жылдын март айында козголгон

Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет

Экономика

Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет

Бишкекте коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилерин мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөргө өтүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо жана бириктирүү, бирдиктүү төлөм документин түзүү, биллинг системасын өнүктүрүү жана толугу менен санариптик форматка

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Экономика

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандын камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлери акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду. Документ менен камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби бекитилип, актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлери үчүн милдеттүү каттоо киргизилет. Бул каттоосуз өлкө аймагында иш жүргүзүү мыйзамсыз болуп калат. Реестрге киргизүү үчүн белгиленген төлөмдөр каралган.

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

Кыймылсыз мүлк

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

МинКаб Байтик Баатыр айыл аймагы аймагындагы 10 гектар жерди айыл чарба багытындагы жер категориясынан калктуу конуштардын жер категориясына өткөрдү. Тиешелүү №208 токтом 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынган. Документке ылайык, ал жер Карганбек Самаковго таандык. (ЖК КРнын V чакырылышынын мурдагы депутаты). Сөз №202 контур (аянты 4,37 га) жана №411

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Саясат

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров илим тармагын реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Документ ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле илим, билим берүү жана өндүрүш ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө багытталган. Жарлыкка ылайык,  Улуттук илимдер академиясы, анын илимий мекемелерине, ошондой эле министрлер кабинетине караштуу илимий жана илимий-техникалык уюмдарга,

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде финансы уюмдарына карата жүздөгөн чараларды колдонду

Банктар

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде финансы уюмдарына карата жүздөгөн чараларды колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде өз көзөмөлүндөгү банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына карата бир катар таасир этүү чараларын колдонду. Аталган мекеменин маалыматка ылайык, текшерүүлөр инспектордук текшерүү жана тышкы көзөмөл аркылуу жүргүзүлгөн. Бул иш-чаралардын негизги максаты – финансы секторунда мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу жана кардарлардын

Бишкекте 58 миң  доллар турган 4 унааны алдап алган жаран кармалды

Коом

Бишкекте 58 миң доллар турган 4 унааны алдап алган жаран кармалды

Бишкекте 4 унааны алып из жашырган жаран алдамчылыкка шектелип кармалганын Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга 5-апрелде А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, С.И. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү алдоо жолу менен унааларды сатууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жалпы баасы

Баткенде чек араны бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат

Коом

Баткенде чек араны бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат

КРнын бажы органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү биргеликте мамлекеттик чек араны бекемдөө иштерине катышууда. Алар биргелешип Баткен облусунун Самаркандек айылындагы Оток тилкесинде тосмолорду орнотуу иштерин жүргүзүштү. Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлагандай, чек араны бекемдөө иштерине катышуу демилгеси «Баткен» бажысынын кызматкерлери тарабынан офицердик жыйында сунушталып, колдоого алынган. Иш-чарага Мамлекеттик