Коом
Бишкекте "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" өттү
Бишкек шаарында "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" аттуу эл аралык иш-чара болуп өттү. Бул конференция Кыргызстанда жана Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чара пион гүлүн өстүрүү боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды жайылтууга жана пион негизиндеги продукцияларды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган.