акыркы жаңылыктар

Жакынкы Чыгыштан 2200дөй кыргызстандык эвакуация кылууну суранган

Коом

Жакынкы Чыгыштан 2200дөй кыргызстандык эвакуация кылууну суранган

4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн эвакуациялоо өтүнүчү менен дипломатиялык өкүлчүлүктөргө болжол менен 2200 кыргызстандык кайрылганын билдирди. Бириккен Араб Эмираттары БАЭден эң көп кайрылуулар түшкөн жана бул жакта болжол менен 10 миңге жакын кыргызстандык бар. Алардын ичинен 1200 адам эвакуация сураган.

Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 лицензия берилди

Коом

Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 лицензия берилди

Жыл башынан бери 20 компаниянын лицензия алуу боюнча арыздары каралып, канааттандырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, берилген лицензиялардын ичинен 12си көмүр, 3ү мунай жана газ, 3ү алтын, ал эми 2си курулуш материалдары (неруддук материалдар) боюнча берилген. Белгиленгендей, кабыл алынган чечимдер тоо-кен тармагын

Н.Орунтаев: Быйыл курулуш тармагында ири долбоорлор ишке ашат

Коом

Н.Орунтаев: Быйыл курулуш тармагында ири долбоорлор ишке ашат

Быйыл Кыргызстанда жаңы мектептерди куруу, социалдык объектилерди бүткөрүү жана курулуш тармагын санариптештирүү боюнча бир катар иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегиялык жыйында билдирди. Анын маалыматына ылайык, быйыл Бишкек шаарында 20, Ош шаарында

Баткенде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 млн куб суу топтолду

Экономика

Баткенде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 млн куб суу топтолду

Баткен облусунда айыл чарбасын суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө багытталган жасалма мөңгүлөрдү түзүү долбоору ишке ашырылып жатканын президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аппараттын эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм секторунун башчысы Азизбек Адылбековдун жетекчилиги алдында эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн делегациясы менен жолугушту. Сүйлөшүүлөргө  Россия

Кыргызстан менен JICA ишкерликти колдоо боюнча кызматташууну талкуулады

Экономика

Кыргызстан менен JICA ишкерликти колдоо боюнча кызматташууну талкуулады

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигинде экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Жапониянын финансылык институттарынын жана Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар чакан жана орто ишкердикти мамлекеттик колдоо саясаты, бизнести каржылык колдоо механизмдерин өнүктүрүү жана ишкерлердин кредиттик ресурстарга жетүүсүн кеңейтүү

Кыргызстан Транс-Каспий транспорттук коридорун өнүктүрүүгө көңүл бурууда

Транспорт

Кыргызстан Транс-Каспий транспорттук коридорун өнүктүрүүгө көңүл бурууда

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Герман эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар Транс-Каспий транспорттук коридорунун потенциалын өнүктүрүү алкагындагы программаларды ишке ашыруу, ошондой эле мындан аркы кызматташтыктын багыттарын талкуулашты. Министрлик тарабынан учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана алдыдагы артыкчылыктуу

Бишкекте кудуктардын капкактарын жол деңгээлине чейин көтөрүү иштери жүрүүдө

Коом

Бишкекте кудуктардын капкактарын жол деңгээлине чейин көтөрүү иштери жүрүүдө

Бишкек шаарында жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадалары Исанов жана Садырбаев көчөлөрүндө кудуктардын капкактарын жолдун деңгээлине чейин көтөрүп, оңдоп жатышат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул иштер жол коопсуздугун жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Маалыматка ылайык, быйыл жаңы технологияны колдонуу менен Бишкек

Жашыл энергетика фонду 15 лот боюнча конкурс жарыялады

Энергетика

Жашыл энергетика фонду 15 лот боюнча конкурс жарыялады

Жашыл энергетика фонду кайра жаралуучу энергия булактары тармагында объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин берүү укугуна конкурс жарыялады. Конкурска жалпы 15 лот коюлду. Алардын ичинде жалпы кубаттуулугу 1 300 МВт болгон үч күн электр станциясынын (КЭС) долбоору жана өлкө аймактарындагы бир катар чакан ГЭС долбоорлору бар. Күн электр станциялары (КЭС) Лот

Быйыл Бишкек шаары болжол менен 2 млн гүл менен кооздолот

Коом

Быйыл Бишкек шаары болжол менен 2 млн гүл менен кооздолот

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы быйыл борбор калаа үчүн кеңири масштабдуу гүл программасын пландаштырган. Шаар болжол менен эки миллион бир жылдык гүл менен кооздолот, алар гүлзарларга, сейил бактарга, аянттарга жана борбордук көчөлөрдүн боюна отургузулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Белгилей кетүүчү нерсе, жылуу жаздын аркасында 10-апрелге чейин болжол

Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту 200 млн долларга жакындады

Экономика

Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту 200 млн долларга жакындады

Кыргызстандын жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорту дээрлик 200 млн долларга (болжол менен 17,1 миллиард сом) жеткенин парктын директору Азис Абакиров билдирди. Анын айтымында, ИТ-компаниялардын экспорт көлөмү өлкөнүн жалпы экспортунун болжол менен 7%ын, ал эми ички дүң продукциясынын (ИДП) дээрлик 1%ын түзөт. Азис Абакиров белгилегендей, масштаб жагынан

Ташкент-Ош авиакаттамы 1-апрелден тарта ачылат

Транспорт

Ташкент-Ош авиакаттамы 1-апрелден тарта ачылат

Ташкент–Ош багытындагы жаңы аба каттамы 1-апрелден тартып ачылат. Каттамды өзбекстандык Centrum Air жеке авиакомпаниясы Airbus A320 үлгүсүндөгү учактар менен жүргүзөт. “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасы билдиргендей жаңы авиа каттам жумасына эки жолу - шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Учуу узактыгы 1 саат 10 мүнөт. Ал эми авиабилеттердин минималдуу баасы эки

Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча жаңы чаралар көрүлөт

Коом

Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча жаңы чаралар көрүлөт

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өткөн кеңешме жыйынында өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация тармактарын өнүктүрүү боюнча алдыдагы жылдарга карата стратегиялык пландар талкууланды. Бул тууралуу Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов билдирди. Анын айтымында, багбанчылык тармагында фермерлерди сапаттуу жана сертификатталган мөмө-жемиш