Э.Байсалов: Биз миллиондогон ачка адамдарга жардам берүүгө милдеттүүбүз
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Доха шаарында (Катар мамлекети) өткөн социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммиттин алкагындагы жыйынга катышты. Саммиттин жүрүшүндө сөз сүйлөп жатып Эдил Байсалов: «Дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар ачкачылыктан, жакырчылыктан жана жокчулуктан жапа чегүүдө. Биз алардын азап-кайгысын жеңилдетүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга милдеттүүбүз»